Коом
Жалал-Абадда күнүнө 27 миң жумуртка өндүргөн фабрика ачылды

Жалал-Абадда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен күнүнө 27 миң жумуртка чыгарган тоок фабрикасы ачылды.
Маалыматы боюнча, фонд бул долбоорго 500 миң доллар бөлүп, анын эсебинен жем чыгаруучу чакан ишканасы бар заманбап комплекс курулган. Ошондой эле жабдуу жана канаттуулар сатып алынган.
«Фабрика күнүнө 27 миң жумуртка өндүргөн кубаттуулукка жетип, продукция Жалал-Абад облусунун базарларын толук камтууда. Ишканада күнүнө 7 тоннадан ашык жем чыгарган фабрикасы дагы бар. Бул өз кезегинде сапатты көзөмөлдөп, импорттон көз карандылыкты азайтууга шарт түздү», — деп билдирди Артем Новиков.
Азыркы учурда ишканада 13 жумуш орду бар, алдыда дагы жумушчулардын саны 25ке чейин көбөйөт.



