Коом
Аба ырайы. Күн кескин сууктайт

Кыргызгидромет 24-майдан тарта өлкөдө күндүн көзү бузулуп, жаан жаап, кээ бир жерлерге нөшөрлөп жаай турганын билдирди.
Тоолуу аймактарга кар түшүшү ыктымал. 26-27-майда абанын температурасы кескин төмөндөп, Нарын менен Ысык-Көлдүн чыгышында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул жаңы гүлдөп, бүчүр байлаган мөмөлүү бактарга, жемиштерге коркунуч жаратат.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетери айтылды.



