Окуялар

Күйөөсүн алдап, чоң суммадагы долларын алып качып кеткен аял табылды

Кыргызстан жана Россия ИИМ өкүлдөрүнүн кызматташуусунун жыйынтыгында алдамчылыкка шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык айымдын жашаган жери такталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын тургуну, “өзгөчө чоң суммадагы алдамчылык кылуу” беренеси менен шектелген  1984-жылы туулган В.З. аттуу айымды Свердлов РИИБ 2019-жылдан тарта издеп жаткан.

Окуя мындайча болгон. 2009-жылдан 2017-жылга чейин ал жарандык никеде жашаган. Чогуу үй-бүлөлүк жашоодо шектүү аял күйөөсүнүн материалдык байлыктарын башкарууга мүмкүнчүлүк алган. Кийин күйөөсү ага ишенип, ишкерлигин да тапшырган. Тагыраагы ал, соода-сатык ишмердүүлүгүн кылган. Тергөөнүн жыйынтыгында аял күйөөсүнөн ишкердүүлүккө керек деп 70 миң доллар алып, андан соң качып кеткен.

Кылмышка шектүүнүн эмизген баласы бар болгондуктан аны июнь айында мекенине кайтарылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button