ЖАК тажрыйбасы бар кесипкөй, кадырлуу кызматкерин пенсияга узатты

Жакында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын жыйындар залында ЖАКнын кадрлар башкармалыгынын башчысы и/к полковниги Имангазиев Болоткан Асановичти салтанаттуу түрдө татыктуу эс алууга узатышты.
Болоткан Асанович 1967-жылы Чүй районунун Маевка айылында туулган. 1988-жылы Крымдагы Симферополь жогорку аскердик курулуш окуу жайын бүтүргөн, андан кийин Киевде аскер бөлүктөрүнүн биринде техникалык рота командиринин орун басары болуп кызмат өтөгөн. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин Б.Имангазиев Ички иштер министрлигинин кадр кызматында, ар кайсы участоктордо, анын ичинде Ош, Бишкек шаарларындагы бөлүмдөрүндө жана башка жерлерде иштеп, кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча баалуу тажрыйбага ээ болгон. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын борборунан Ички иштер министрлигинин Жогорку мектебин аяктаган.
Болоткан Асанович 2019-жылдын февраль айында кадр системасында иштей баштаган, ушундай кыска мөөнөттүн ичинде кесиптештеринин арасында жогорку кадыр-баркка ээ болду.


Ошентип жаш, жаңы эле даяр болгон пенсионердин күч түзүмдөрүндөгү эмгек стажы 40 жылды түздү.


ЖАКнын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев бир добуштан кол чабуулар астында Болоткан Имангазиевди «Ардагер» медалы жана баалуу белектер менен сыйлады. Ал эми ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаметнин командалыгы департаменттин 80 жылдыгынын урматындагы медалы менен сыйлады.



