Украинада кыргызстандыктарды эвакуациялоо башталды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Facebook`тагы баракчасына жакында кыргызстандыктарды эвакуациялоо башталарын билдирди.
“Жарым сааттын ичинде Украинада комендаттык сааттын убактысы бүтөт. Андан кийин биздин жарандарды эвакуациялоону баштайбыз. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз”, — деп жазган ал.
Мындан мурда КР Тышкы иштер министрлиги 27-февралда кыргызстандыктардын тобу украин-польша чек арасынан өткөнүн, алар азыркы учурда Польшанын Кендзежин-Козле шаарында коопсуз жайда экенин кабарлаган. КРнын Польшадагы ардактуу консулу мейманканага жайгаштырууну уюштурган.
Ошондой эле Кыргызстандын Молдовадагы ардактуу консулунун көмөгү менен украин-молдова чек арасынан өткөн Кыргызстандын жарандары учурда Кишинев шаарында жана Леордоайдагы «Manas yurt village» комплексинде турушат.



