УКМК: Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында координациялык кеңешме болуп өттү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 2025-жылдын 28-январында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бардык башкармалыктарынын жана секторлорунун жетекчилеринин катышуусунда координациялык кеңешме болуп өттү.

Жыйын коррупциялык кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин катаалдаштырууга арналып, кабыл алынган «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору түшүндүрүлдү.

Президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу максатында КР УКМК тарабынан «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан.
Мындан улам, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348-беренелерине ылайык, ФМга караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөчөлүктөрү жеткирилди:
1) коррупциялык кылмыштары үчүн соттолгондорго өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынат;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыптарды белгилөөчү талаптар алынып салынды;
3) коррупциялык багыттагы оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жарандын жакын туугандарын же жубайын/жолдошун мамлекеттик кызматка алуудан баш тартуу;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө адам күнөөлүү деп табылганда статьяда каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо каралган.

Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды толугу менен жок кылуу милдети коюлганы белгиленди. Буга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине коррупциялык аракеттерге же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги тууралуу эскертүүлөр берилди.



