Коом

Ош ОИИБдин өздүк курамы ички иштер органдарында 30 жылга жакын кызмат өтөгөн Азизакан Исмаилованы ардактуу эс алууга узатышты

2023-жылдын 23-январында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы ички иштер органдарында 30 жылга жакын кызмат өтөгөн маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн кызматкери милициянын подполковниги Азизакан Исмаилованы салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты.
Алгач, бул иш-чара Ош ОИИБде мамлекеттик тууну көтөрүү аземи менен башталды. Андан соң ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенген милиция кызматкерин ардактуу эс алууга узатуу менен катар жаш кызматкерлердин ант берүүсү менен уланды. Башкармалыктын 12 милиция кызматкери салтанаттуу түрдө ант беришти.
Аталган иш-чарага Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков, Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Курсан Камчиев жана Ош ОИИБдин өздүк курамы катышты.
Милициянын подполковниги Азизакан Исмаилова ички иштер органдарында жалпы эсеп менен 28 жыл 10 ай кызмат өтөгөн. Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Жоробеков Азизакан Исмаиловага бекем ден-соолук каалап, кызматка ак ниети менен кызмат кылганына ыраазычылыгын билдирди. Ал эми, жаш кызматкерлерди Ант берүү аземи менен куттуктап, Антын бекем сактап, кызматтык милдеттерин так аткарууга, Кыргыз милициясынын беделине шек келтирбей ак кызмат кылууга чакырып кетти.
Иш-чаранын аягында жаш кызматкерлер менен ардактуу эс алууга узатылып жаткан Азизакан Исмаилова эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.
Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында ѳткѳрүлдү.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button