Каткан мал-мүлкүн ачыктагандарга мамлекет кандай кепилдиктерди берет?

Экономика жана коммерция министрлиги мунапыс мыйзамынын негизинде мүлкүн легалдаштырган жарандарга кандай кепилдиктер берилери туурасында маалымат берди.
Эгер кимде-ким байлыгын ачыктаса мамлекет төмөнкүлөрдү убадалайт:
декларациялоо учурунда активдерди сатып алуу, пайданалуу же тескөө маселелери боюнча текшерүүлөргө тыюу салынат;ачыктаган мүлкүн каттоого алуу учурунда эски салыктык карыздарын төлөө талап кылынбайт;декларацияда камтылган маалыматтар кандай болбосун кылмыш ишин козгоого, салыктык, бажылык жана башка төлөмдөрдү эсептөөгө жол берилбейт;декларант катышкан кылмыш-жаза ишинин, укук бузуулар жөнүндө иштин алкагында далил катары пайдаланылбайт;байлыгын каяктан, кантип топтогону жөнүндө маалымат берүү милдетинен бошотулат;атайын декларацияда камтылган маалыматтар декларанттын жашыруун сыры деп таанылат жана ачыкка чыгарылбайт.
Белгилей кетсек, декларацияланып жаткан активдерди кылмыш-жаза же жарандык сот өндүрүшүндө турган болсо кепилдиктер берилбейт.



