Коом

КР УКМК кесипкөй адистерге сынак жарыялайт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев өз сөзүндө айткандай:

«Келечек интеллект, техника жана илимге таандык. Ал эми биздин милдет – таланттууларды өз убагында аныктап, аларга мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу менен бирге Кыргыз Республикасынын коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү».

Бүгүн дүйнө улуттук коопсуздукту камсыздоонун жаңы доорунун босогосунда турат – бул доордо согуш жана коргонуу аракеттери физикалык гана эмес, кибернетикалык, интеллектуалдык чен-өлчөмгө ээ болууда.

Заманбап куралдуу күчтөр танктар жана учактар гана эмес. Аларга ошондой эле жасалма интеллектке негизделген башкаруу системалары, суперкомпьютерлер, учкучсуз системалар, киберкоопсуздук, криптография ж.б.у.с. кирет. Ошондуктан биз жогорку деңгээлдеги техникалык даярдыгы бар жарандарды, анын ичинде маалымат технологиялары жаатында жогорку билими бар чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн, анын ичинде тилдик даярдыгы бар, 2-3 же андан көп чет тилдерин эркин билген адистерди ишке тартууга өзгөчө көңүл буруудабыз.

Учурдун заманбап талаптары жаңы кадрлар менен иш алып барууну шарттайт. Программалык камсыздоо инженерлери, системалык аналитиктер, криптографтар, киберкоопсуздук жана жасалма интеллект боюнча адистер, бул адамдар куралды эле эмес, адамдарга караганда тезирээк, так, ишенимдүү иштеген жана эң негизгиси –  биздин аскер кызматкерлерибиз үчүн коопсуз болгон акылдуу системаларды долбоорлоого жөндөмдүү адистер.

Чет өлкөдөн билим алгандардын өз өлкөсүнө кайтып келип улукттук коопсуздукту камсыздоо жаатына интеграциялануусун өзүнчө белгилей кетсек болот. Алардын билими, тажрыйбасы, алдыңкы технологиялар жана эл аралык стандарттар боюнча жетишкендиктери Ата Мекендик долбоорлорду өнүктүрүү үчүн эбегейсиз күчтүү түрткү боло алат. Биз мындай адистерди жөн эле чакырбайбыз – биз аларга татыктуу орун, мамлекеттик масштабдагы милдеттерди жана кесиптик багытта өсүп-өнүгүүсү үчүн татыктуу шарттарды сунуштайбыз. Албетте, эң негизги шарт – көзөмөлдү, коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү арттыруу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө, аскердик кызмат – бул бир гана күжүрмөн даярдыктагы адамдардын Ата-Мекен алдындагы милдети эмес, ошондой эле кесипкөй адистер үчүн алдыңкы долбоорлордо өзүнүн иш тажрыйбасын арттыруу боюнча уникалдуу мүмкүнчүлүк. Биз өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө кызмат кылууга даяр адамдарды кабыл алууга, окутууга, өнүктүрүүгө жана коргоого даярбыз.

Программалык камсыздоо инженерлери жана жасалма интеллект адистери – акыркы үлгүдөгү байланыш, чалгындоо, коргонуу жана согуштук башкаруу системаларын иштеп чыгууда негизги орунга ээ экендиктери талашсыз.

Тактап айтканда, бул жерде төмөнкүлөрдү түзүү жөнүндө сөз болуп жатат:

-акылдуу дрондор жана автономдуу платформалар;

-кибер коргонуу жана бөгөт коюу системалары;

-криптография жана код түзүү системалары;

-интеллектуалдык маалыматтарды талдоо жана операцияларды башкаруу системалары.

Бул жаатта билимдүү адистерди тандоо жана тейлөө системасы алардын уникалдуу жөндөмдүүлүктөрүн эске алат: биз улуттук коопсуздук органдарынын катарында аскердик кызматты гана эмес, техникалык бөлүктөрдө кызмат өтөөнүн альтернативалуу формаларын да сунуштайбыз.

Бизге төмөнкү багыттар боюнча адистер керек:

-маалыматтык коопсуздук;

-аналитика жана маалыматтарды иштеп чыгуу;

-жасалма интеллекттик жана автоматтык иштеп чыгуулар;

-тармактык технологиялар;

-адистештирилген программалык камсыздоону иштеп чыгуу;

-системалык башкаруу;

-криптография жана маалыматтар сактоо;

-бейтараптуу бөлүштүрүлгөн системалар;

-орнотулуучу системалар;

-психологдор;

-киберпсихология жана жүрүм-турумду талдоо адистери;

-учак моделдөө (дрон конструкторлору);

-чет тилдерин билген адистер (2 — 3 же андан көп тил, оозеки жана жазуу тили, сейрек тилдерди билүүсү кубатталат).

Негизги талаптар:

-жашы 30 жашка чейин;

-Middle/Senior деңгээлиндеги адистиги;

-физикалык жактан дени сак, физикалык же психикалык жактан кемчиликтердин жоктугу;

-жогорку билими (иш стажы 2 жылдан кем эмес, анын ичинде өндүрүштүк долбоорлорго катышкандарга артыкчылыктар берилет);

-аскердик кызматын же мобилизациялык резервтик жыйындарын аяктагандыгы боюнча аныктоочу аскердик билети;

-кынтыксыз өмүр баяны (соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жакын туугандарынын да соттуулугу болбоосу зарыл);

-өзгөчө купуялуулукта иштөө боюнча даярдыгы;

-тил үйрөнүү боюнча чет өлкөлүк университеттердин (Япония, АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана Европа) студенттерине/бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылыктар берилет.

Кызыккан суроолоруңуздар болсо, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине төмөнкү байланыш номуруна (0999 012 012 жана WhatsApp) кайрылууну суранабыз.

Тектеш кабарлар

Back to top button