Коом

УКМК: Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан ички иштер органдарында коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө 2024-жылдын 12-апрелинде  КР ИИМдин ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, 2500 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери Э.Н.А. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кызматкер жарандан транспорт каражатын башкаруу укугун (айдоочулук күбөлүгүн) кайтарып берүү, ошондой эле унаасын  айып короодон алып чыгуу маселесин оң чечип берүү үчүн акча талап кылганы аныкталган. Белгилей кетсек, Э.Н.А. буга чейин да ушул эле шылтоо менен дагы бир жарандан 500 АКШ долларын алган.

Кармалган патрулдук милиция кызматкери КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан КР ИИМ жетекчилиги менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button