Саясат

Президенттин атынан турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 7-январда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, республиканын бардык аймактарынан ата-энелеринин балдарын мектепте багууга жана окутууга каржылык мүмкүнчүлүгү жок 201 бала зарыл кийим-кече, мектеп формасы жана окуу куралдары менен камсыздалды.

Ар бир мектеп окуучусу рюкзак, костюм, 2 даанадан шым же юбка, свитер, 3 көйнөк, 3 футболка, куртка, өтүк, шарф, мээлей, баш кийим, өнүктүрүүчү окуу китептери жана кеңсе буюмдарын (калем, карандаш, сызгыч, өчүргүч ж.б.) алышат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн 201 баласына жардам көрсөтүү үчүн Мамлекет башчынын резервдик фондунан 5 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек жана Ош шаарларынын башчылары Президенттин атынан балдарга белектерди өз убагында жеткирүү жана тапшырууга жооптуу болушат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button