Коом
Банктык картаңызга акча түшсө шашпаңыз! Бул алдамчылыктын дагы бир түрү

Алдамчылар жарандардын банктык картасына атайылап акча которуп, шантаж кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын ИИМи эскертти.
Мындай учурда төмөнкү кадамдарды жасоо сунушталат:
акчанын күтүлбөгөн агымы жөнүндө банкыңызга дароо билдириңиз;
жагдайлар такталганга чейин алынган каражатты пайдаланбаңыз;
эгер жөнөтүүчү акчаны башка реквизиттерге кайтарып берүү өтүнүчү менен байланышса, макул болбоңуз. Бул алдамчылык схемасы болушу мүмкүн (мисалы, акча “террористке” которулган деп шантаж кылуу, уурдалган акчаны сиздин картаңыз аркылуу адалдоо);
Каражатты кайтаруу операциялары сиздин банк аркылуу жүргүзүлүшү керек.
@abal-kg



