(Видео) “COVID-19 оюн дегем. Ооруганда үнүм Кудайга жетти”. Москвадагы кыргыздын кайрылуусу

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылынын тургуну элине кайрылуу жасады.
Москвада коронавирус илдетине кабылып, ооруп, жаңы гана айыккан мекендешибиз бул илдеттин ушунчалык катуу оору экенин айтып, элди сак болууга чакырды.
-Коронавирус оорусу адегенде катуу башталганда анча ишенген эмесмин. Мен сыяктуу бир топ эл да ишенбей, азыр биздин Кыргызстандагы айылда маска тагынбай калды болуш керек. Карантин деп көп күндөн бери камакта жатып, эл сактанбай эле чыгып атса керек. Ошондой коронавируска ишенбегендердин катарында биз да бар болчубуз. Биз Москва шаарында ишенбей жүрүп жугузуп алдык коронавирусту. Азыр биз кичине жакшы болуп калдык. Бүгүн бир жума болуп калды, эми гана жакшы болуп, ошондо да толук айыга элекпиз. Ушул оору тууралуу силерге бөлүшө кетейин деп чечтим. Бул ооруга чалдыксаң жаның көзүңө көрүнөт экен. Ооруну жуктуруп алсаң, аябай катуу ооруйт экенсиң. Сөздүн ачыгын айтканда температура көтөрүлүп, дем алганың кыйын болуп, аны грипп деп эле ойлошуң мүмкүн. Бирок, грипптен он эсе кыйын.
Азыр Москва шаарында ар бир экинчи адам ооруп атат. Ооруп калып ооруканага чалсаң врачтар келбей калышты. Өтө эле кыйналып, температураң 39дан ашса эле тез жардам менен келбесе, көпчүлүк учурда алар телефондон эле кеңеш берип, кайсы дарыны ичиш керектигин айтып калышты. Вируска каршы дарыларды эле айтышат. Бирок тез жардам деле чынын айтканда келбей калды.
Чынын айтканда бул оору аябай жаман экенсин жон терим менен сездим. Ооруну ар ким ар кандай көтөрөт экен. Иммунитети күчтүүлөр көтөрүп кетиши мүмкүн. Кичинекей балдардан коркпой эле койсок болот, алар өтө оорубайт экен. Ал эми мурда-кийин операция болгондор, өнөкөт оорусу болсо ошонун баарын козгой берет экен. Күнү-түнү температура көтөрүлүп, жаның көзүңө көрүнүп, жашооң кызыксыз боло баштайт.
Анын сыңарындай ушунун баарын жазып аткан себебим, Москвадан Кыргызстанда 400төй мигрант кетишти, учак менен. Эми Москвадан Кыргызстанга жума сайын самолет каттап турат экен. Эми биздин Кыргызстанда накта башталышы мүмкүн. Ошондой эле бул вирус биздин айылыбызга барып калбаса экен. Кары кишилерге кыйын эле болот бул оору. Маалымат катары айта кетейин дегем, колдон келсе маскаңарды чечпей эле койгула. Бул оору оюн эмес, мен деле ишенбей бул жөн эле саясый оюн деп каткырып күлүп жүрүп эле кечинде ооруп, туралбай калдым. Үйдө жатып, жумуш башталып, бир күн эшикке чыгып келгендин ортосунда жатып калдым. Азыр мына, квартирада жашагандардын баардыгы оорудук. Аял кишилер оңой көтөрөт экен. Эркектерге бул ооруну көтөрүш кыйын экен. Сөздүн ачыгын айтканда бул аябай жаман оору экен. Ошондуктан сактангыла, колуңарга кол кап кийгиле. Колдон келсе көп кишилерге кол алышып учурашпай эле койгула, үйүңөргө киши киргизбей эле койгула. Сактангыла бир туугандар, бул оюнчук эмес, бул калп эмес, бул чын эле жаман оору экен! Жакында бизге да барат, анткени Москвадан көп эле адамдар Кыргызстанга кетип атышат. Дем алганыңар кыйын болот, өпкө, тамак, чачыңдын учунан, тырмагыңдын учуна чейин ооруйсуң. Муну ооруп, анан билет экенсиң. Ошондуктан баарыңар сактангыла, масканы тагынгыла! Москвада көп адамдар ооруп атышат, айыгып атышат, ошонун арасында мен дагы бармын. Бул вирустун дарысы да жок. Көбүнчө вируска каршы дарылар менен эле дарылап атышат. Ошону ичесиң да Кудайга үнүң жетип жатасың, ошондуктан сактана жүргүлө бир туугандар!»- деди.
Abal.kg



