Коом

Кыргызстанда акыркы айда дары-дармектердин баасы 5-20 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда акыркы айда дары-дармектердин баасы 5-20 пайызга чейин кымбаттады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары Канат Бекбоев билдирди.

Анын айтымында, учурда Россия дары-дармектин баасын карап жатат, ошондой эле дарыны өндүрүүчүлөр дагы бааны көтөрүштү.

“Украинада жана дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу логистикалык чыгымдар өсүүдө. Дары-дармектердин кымбатташы 40% болот деген божомолдор бар. Бирок курс өзгөрүп тургандыктан так айтуу кыйын”, — деп кошумчалады ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button