Окуялар

Блогер Сыдымандын видеосу кайрадан экспертизага жөнөтүлүп, соту жылдырылды

Бүгүн, 8-июнда блогер Элмир Сыдымановдун Бишкектин Октябрь райондук сотунда соттук иши уланды.

Элмир Сыдымановдун жактоочусу Али Магиев блогердин видеосуна кайрадан психо-лингивистикалык комплекстүү экспертиза дайындалганын билдирди.

«Сот Элмир Сыдымановго акыркы сөз бергенге чейин видеого толук түрдө жогорудагыдай экспертиза кылуу өтүнүчүмдү канааттандырды. Эми Элмирдин видеосуна кеңири түрдө экспертиза дайындалат. Бул биз үчүн абдан жакшы болду. Жыйынтыгы бир айга жакын убакытта чыгышы мүмкүн. Азыр ошол себептен соттук отурум токтотулду»,- деди жактоочу Али Магиев.

Эскерте кетсек, блогер социалдык тармак аркылуу ага коюлуп жаткан күнөө оор экенин белгилеп, жашоо турмушу анча жетишпеген үй-бүлөдө жашаарын жана жалгыз өзү иштеп, апасын багаарын айтып элден моралдык жардам суранган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button