Коом
«Хорека клуб» ассоциациясы тамактануу жайларындагы баанын өсүшүнө комментарий берди

Ресторан жана мейманкана бизнесинин кызыкчылыктарын жактаган «Хорека клуб» ассоциациясы коомдук тамактануу жайларындагы баанын өсүшүнө комментарий берди.
Ассоциация билдиргендей, мурда алынып келген тейлөө акысы «кошумча жыйым же чай пул» болгон эмес. Ал чыгымдардын бир бөлүгүн жабууга багытталган. Тыюу салынгандан кийин ошол чыгымдар тамак-аштын баасына кошулган.
Мындаш тышкары, баанын өсүшүнө тамак-аш азыктарынын, ижаранын, коммуналдык кызматтардын кымбатташы, кызматкерлердин эмгек акысынын көбөйүшү себеп болгон.
«Коомдук тамактануу жайлары мыйзам талаптарын сактап, бааларды ачык көрсөтүү менен иштеп жатышат. Ошол эле учурда бул тармактын туруктуу иштеп кетиши чыгымдардын толук жабылышынан көз каранды», — деди «Хорека клуб».



