Коом

Ысык-Көлдө каракчылык жасаган жаран кармалды

15-декабрь күнү Ысык-Көл РИИБге 38 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында, ошол күнү ижарадагы батирде эки жаш өспүрүм балдары менен турганын жана болжол менен түнкү саат 20.00 чамаларында үйүнө аскердик камуфляж курткачан, башында бетин жапкан баш кийимчен белгисиз жаран кирип келип, бычак менен коркутуп, он миӊ россиялык рубль акча каражатын күч колдонуу менен алып, качып кеткендигин билдирген.

Жабырлануучунун арызы Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, көп узабай райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн изкубарлары шектүү жарандын изине чыгышып, аны Чолпон-Ата шаарынан кармоого үлгүрүштү. Шектүү жаран болуп, Бает айылынын 27 жаштагы тургуну А.Ж. болуп чыкты. 

Жүргүзүлгөн алгачкы суракта, шектүү жаран күнөсүн толугу менен мойнуна алды жана андан далил зат катары акча каражаттары алынды.

Соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, шектүү Ысык-Көл РИИБдин УКЖга киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button