Коом

Чүйдө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды саткан баңги канал жабылды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу фактысы боюнча атайын операция өткөрүүнүн жыйынтыгында баңги каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Алынган ыкчам маалыматка ылайык, Ж.Ж. аттуу жаран Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында андан ары жайылтуу үчүн Жалал-Абад облусунан баңги каражаттарын ташуу каналын уюштургандыгы аныкталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө бул кылмышка тиешеси бар жарандардын инсандыктары аныкталып, Ж.Ж.К. 1988-ж.т. жана К.у.Д. 2001-ж.т. жана курьер болгон М.М.С. 2004-ж.т. атуу жарандар болуп чыккан.

2024-жылдын 16-ноябрында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан кылмыш ишинин алкагында жана атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө К.у.Д. аттуу жарандын жашаган жерин тинтүү жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, аталган жарандын унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда эки целлофан баштык табылып, анда кара күрөң түстөгү, кара куурайдын өзгөчө жыты бар заттар болгон.

Соттук-химиялык экспертиза алынган заттар каннабистин чайыры (гашиш) баңгизаты болуп аныкталган.

Ж.Ж.К., К.у.Д. жана М.М.С. жарандары кармалып, Сокулук районунун ИИБнын УКЖна киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button