Коом

Ош шаарында 23-октябрь күнү суу убактылуу токтотулат

Ош шаарында 23-октябрда бир күнгө суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитет тарабынан билдирди.

Ош шаарынын таза суу системасында санитардык жана профилактикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле системадагы диаметри 400, 500 мм болгон задвижкаларды алмаштыруу, диаметри 800 мм болгон затвор орнотуу, жаңы курулган насостук станцияны таза суу системасына туташтыруу максатында токтотулууда.

Ошондой эле бул учурда Тажик көчөсүн кеңейтүү ишинин алкагында диаметри 800 мм болгон таза суу түтүгүн жылдыруу иштери дагы аткарылат.

Ош мэриясы көрсөтүлгөн убакытка ылайыктуу суу камдап алууну эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button