Коом

Ошто кафе-ресторандарга банкет, той өткөрүүгө тыюу салынат

Ошто ресторандарга 1-июлдан тарта банкет, той өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык нормалар күчөтүлүп, коомдук тамактануучу жайларда, кафе-ресторандарда текшерүү жүрүп жатат. 1-июлдан тарта Ошто той-маараке өткөрүүгө тыюу салынды. Ресторандарга кийинки айга буйрутма албоо сунушталды.

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй жана Ош облусунда вирустун жайылышы күч алганы байкалууда. Бүгүн, 18-июнга карата өлкө боюнча, 653 адамдан илдет аныкталып, 4 бейтап каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button