Коом

Нарын облусунда жыл аягына чейин 8 мектеп пайдаланууга берилет

Нарын облусунда жыл аягына чейин 8 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мызабек Жыпаркулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, курулуп жаткан мектептердин экөөсү жаңы окуу жылында балдар үчүн эшигин ачса, дагы 6 мектеп жыл аягына чейин толук бүткөрүлөт.

Жыпаркулов белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жыл аягына чейин республика боюнча 100 мектеп бүткөрүлүп, колдонууга берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button