Кулубаев: Россияда согушка тартылып жаткан кыргызстандыктарды өз убагында кайтарууга болот

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россияда Украинага каршы согушка катышууга тартылып жаткан кыргызстандыктар өз убагында жардам суралса, мекенине кайтарылышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал 13-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Жыйын учурунда депутат Айбек Алтынбеков Россияда Кыргызстандын жараны соттун чечими чыга электе эле аскердик келишимге кол коюуга мажбурланып, андан соң машыгуу лагерине жөнөтүлгөнүн айтып берди. Депутат бул окуя боюнча башка маалыматтарды билдирген жок.
Тышкы иштер министри ведомство согушка катышууга тартылып жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча активдүү иш жүргүзүп жатканын белгиледи.
«Эгер бул тууралуу өз убагында билсек, аларды жөнөтүүнү токтотууга жетишебиз. Аскер комиссариаттарында же тергөө изоляторлорунда аларды келишимге кол коюуга мажбурлашат. Эгер маалымат бизге өз убагында жетсе, кийлигишебиз. Ушундай жол менен көптөгөн мигранттардын жөнөтүлүшүн токтото алдык», — деди министр.
Кулубаевдин айтымында, айрым кыргызстандыктар аскердик келишимге кол койгонун жана согушка жөнөтүлүп жатканын жакындарына билдиришпейт. Натыйжада алардын туугандары бул тууралуу адам фронтко жеткенден кийин гана билип калышат.
«Айрым мигранттар эч кимге айтпай кетип калышат. Кийин гана ата-энелери бул тууралуу билип, бизге кайрылышат. Эгер арыз түшсө, Украинадагы элчилигибиз аркылуу алар менен байланышып, чыгып кетүүгө жардам берүүгө аракет кылабыз. Көпчүлүгү эч нерсе билдирбегендиктен, биз алар тууралуу жаракат алгандан же каза болгондон кийин гана билебиз. Атүгүл ата-энелери да кабарсыз болушат.Согушка жөнөтүлгөндөн кийин адамды кайтаруу кыйла татаалдашат. Бирок анын кайсы аскер бөлүгүндө жана кайсы жерде экенин билсек, жардам берүүгө аракет кылабыз», — деп түшүндүрдү Кулубаев.
Ошол эле учурда министр согуш жүрүп жаткан аймактан канча кыргызстандыкты мекенине кайтарууга жетишкенин тактаган жок.



