Коом

«Эл үмүтү» стипендиясынын ээлери акчаны же өлкө үчүн иштеп актайт же кайтарып берет

“Эл үмүтү” стипендиясын жылына 50-70 адам алса, алардын арасынан эң көп дегенде 20-30у мамлекеттик кызматка келишет. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эске салсак, парламент Юстиция министрлигинин “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жана “Эл үмүтү” стипендиясынын ээлерине артыкчылык берүүгө багытталган мыйзам долбоорун карап жатат. Анда аталган жарандарды кадрлар резервине сынаксыз кабыл алуу сунушталган.

“Менимче, бул жакшы механизм”, — деди Баетев.

Билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева “Эл үмүтү” стипендиясынын ээлерине магистратурада окуу үчүн 50 миң доллар бөлүнөөрүн белгиледи.

“Мекенине кайтып келген бүтүрүүчүлөр мамлекеттик органдарга кызматка орношууну каалашат, бирок аларды кадрлар резервине кабыл алуу сыяктуу тоскоолдук токтотот. Стипендиаттар Кыргызстан аларга салган каражатты иштеп акташы керек же кайтарып бериши керек”, — деди Кендирбаева.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button