Коом

Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалды

Анын талапкерлиги бүгүн Жогорку Кеңеште каралып, ага 75 депутат макулдугун берди. 

Тургунбаев 42 жашта. Жогорку билимдүү, 2003-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетин, 2005-жылы Токиодогу Саясат изилдөө институтун,  2007-жылы ОшМУ, 2023-жылы Лондон бизнес мектебин бүтүргөн.

Адистиги боюнча эл аралык мамилелер, экономикалык саясат, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, лидерлик жана стратегия боюнча программасынын магистри, экономика илимдеринин доктору.

Кыргыз, орус, англис тилдеринде сүйлөйт. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button