Коом
Шашылыш билдирүү! Өлкөдө ба ырайынын өзгөрүшү күтүлөт
7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт
8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт
9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
@user2



