Коом
ММК полиси менен операция, химиотерапия жана гемодиализге жеңилдик берилбейт

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин болушу операция, химиотерапия жана гемодиализге жеңилдиктерди бербейт. Полисте мындай процедуралардын түрлөрү боюнча жеңилдиктер каралган эмес, ал эми химиотерапия же гемодиализ алган бейтаптар үчүн мамлекеттик жеңилдетилген программалардын өзүнчө түрлөрү бар экенин эске салды.
ММК полисинин баасы Кыргызстандын жарандары үчүн 12 айга 1 миң 722 сомду (же айына 143 сом 50 тыйынды), ал эми чет өлкөлүктөр үчүн 12 айга 16 миң 391 сомду, же 6 айга 8 миң 196 сомду түзөт.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 22-февралында Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамы үчүнчү окууда кабыл алынган.



