Өзбекстандык “пайгамбар” дүйнөнү коронавирустан куткарам дейт

Өзбекстандын Самаркан шаарында жашаган бир жараны, өзүн адамзатты коронавирустан куткара турган Кудайдын өкүлүмүн деп атады. Интернетке чыккан видеороликте ал миссиясын аткарыш үчүн “инфекциянын мекени” болгон Кытайга сөзсүз барышы керек экенин айткан. Бул туурасында LIFE.RU маалымдады.
Жергиликтүү ММКлардын жазганына караганда, укук коргоочу органдар бул “пайгамбарды” издеп табышкан. Ал 1962-жылы Самаркан районунда туулган. 1980–1982-жылдары Афганистандагы согушка катышып, кызмат өтөп жүрүп, мээси чайкалган.Эми адистер анын психологиялык абалын текшерүүнү пландаштырып жатышат.
«Пайгамбардын» билдирүүлөрүнөн кийин Өзбекстандагы КЭРдин элчилиги ага кайрылып, Кытай коронавирустун мекени эмес экенин, тек гана эпидемияны биринчи жолу тапкан өлкө экенин билдирген.




