Окуялар

4 күндөн бери дайынсыз. Сокулукта 15 жаштагы Азиза Галжигитова изделүүдө

Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Азиза Галжигитова изделүүдө.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Галжигитова 5-сентябрда саат болжол менен 13:30да үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана кара.

Кийими: ак түстөгү футболка, көк түстөгү джинсы шым, кара спорттук бут кийим.

“Азиза Галжигитованын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо 0312 60-75-67, 0313 45-33-80, 0558 86-14-86 номерлерине кайрылсаңыздар болот”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button