Коом
12-августка карата аба ырайы

12-август, шейшембиде, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +33…+38, Талас аймагында +31…+36, Ош, Жалал-Абад облустарында +34…+39, Баткенде +33…+38, Ысык-Көл өрөөнүндө +27…+32, Нарын чөлкөмүндө +26…+31 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +35…+37, Чолпон-Атада +27…+29 градуска чейин көтөрүлөт.



