Коом

Кыргыз милициясынын генералдары Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы менен жолугушту

Бүгүн, 1-март күнү Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, генералдар Курманбек Кубатбеков жана Абдылда Суранчиев шаардык милициянын өздүк курамы менен жолугушуу өткөрдү.
Иш- чаранын башталышында генералдар кызмат учурунда курман болгон шаардык милициянын кызматкерлеринин жаркын элесине таазим этип, гүл коюшту.
Белгилей кетсек, милиция кызматкерлери менен болгон бул жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин руханий-адеп-ахлактык деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет. Буга чейин Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков мурда белгилегендей, ар бир жаранды урматтоо менен адептүүлүк, тартип жана жоопкерчилик сыяктуу бийик сапаттарды өздүк курамдын арасында бекем орнотуу керек.
Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев өз сөзүндө милиция кызматкерлеринин руханий жана адеп-ахлактык жактан өсүп-өнүгүшүнүн маанилүүлүгүн, себеби милиция кызматкерлери жарандар менен тыгыз иш алып барарын, мында алардын ортосундагы мамиле чын ыкластуу, ачык жана бири-бирин сыйлоодо болушу керектигин белгиледи. Жыйынга катышкан генералдар Бишкек шаарынын ИИББнын өздүк курамын өз ишине компетенттүү жана кесипкөй болушуна, элдин кызыкчылыгы үчүн гана кызмат кылууга чакырышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button