Башкы прокуратура «Антикоррупциялык мектеп» программасын ишке киргизди

Башкы прокуратура коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлер үчүн «Антикоррупциялык мектеп» программасын ишке киргизди. Программага эл аралык жана улуттук эксперттер катышууда.
Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, окутуу Башкы прокуратуранын юридикалык академиясынын базасында апрель айынан июнь айына чейин үч модул менен өткөрүлөт.
Программа коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, алдын алуу механизмдерин киргизүүгө жана мамлекеттик кызматкерлер арасында ак ниеттүүлүк маданиятын калыптандырууга багытталган.
Бул демилге коррупцияны изилдөө боюнча Борбор Азия институту жана Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте ишке ашырылууда. Максат — коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу.



