Динара Кутманова: Кыргызстандын жаратылышты коргоо боюнча абалын түп тамырынан бери өзгөртүү керек — ВИДЕО

КРнын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутманова айлана-чөйрөнү коргоо жаатында чечкиндүү реформаларды өткөрүү демилгесин айтып чыкты. Азыркы учурда ведомство тарабынан иштин жаңы багыттары жана коюлган максаттарга жетүү үчүн жөнөкөй, түшүнүктүү алгоритмдин үстүндө иш журүүдө.
2000-жылдардын башына чейин Кыргызстанда бардык экологиялык саясатты координациялоо үчүн жооптуу болгон Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги болгон. Бирок белгисиз себептер менен анын статусу төмөндөгөн, ал эми функциялардын көп бөлүгүн башка ведомстволорго өткөрүп беришкен. Мисалы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги экология үчүн жооптуу болчу, климат маселелери боюнча көбүнчө Тышкы иштер министрлигинин жыйындарында талкууланчы. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетти түзүү менен бул жөнү жок алмашууларды токтотуу гана эмес, жаратылышты коргоо жана өндүрүштүк экология системасындагы чоң кемчилитердин жоюусу мүмкүн болду. Атмосфералык абаны коргоо, суу ресурстарын, жер ресурстарын жана таштандыларды иштетүү бөлүмдөрү түзүлдү.
Өндүрүштүк экологиялык көзөмөл мамлекеттик комитеттин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Бул маселеге көптөн бери тийиштүү көңүл бурулбай келатканын Бишкектеги баш аламан, тыгыз жайгаштырылып салынган имараттар шаардын табигый желдетүүсүн үзгүлтүккө учуратканы ачык мисал боло алат. Мындан ары курулуш лоббиси шаардыктардын кызыкчылыгынан жогору турбайт, деп убада кылат Динара Кутманова.
«Мен катуу каршылык болорун, алар нааразы болушарын жакшы түшүнөм, бирок мен күрөшүүгө даярмын, анткени экологиялык жактан таза шаарды түзүүдө, түтүн көйгөйлөрүн чечүүдө эң катуу, кардиналдуу чараларды көрүү керек. Мыйзамдагы ар кандай бузуулар узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келет жана биз буга жол бербешибиз керек ”, — дейт Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова.
Коомдук экологиялык кыймылдын лидерлеринин бири катары Динара Кутманова мамлекеттин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана экологиялык көйгөйлөр менен алектенген жарандардын ортосундагы мамилелерди ишенимдүү кылууну көздөйт. Динара Кутманованын демилгеси менен айлана чөйрөнү коргоо боюнча коомдук инспекторлордун статусу жогорулатылат. Мамкомитет экоактивисттерди жана бардык аң-сезимдүү жарандарды бул кыймылга катышууга чакырат. Учурда ведомствонун адистери нормативдик базаларга тийиштүү оңдоолорду киргизип жатышат.
«Биздин өлкөдө 2300 айыл бар, жана ар бирибизде жаратылышты коргоо боюнча жок дегенде 5 коомдук инспекторлор гана болсо, биздин иште жардам бере турган бир топ кол болуп топтолот. Бирок биз кылдат тандоону камсыз кылып, мыйзам бузуулар жана адилетсиз аракеттер үчүн кайра чакыртып алуу системасын иштеп чыгышыбыз керек ”, — деп түшүндүрөт Динара Кутманова.
Мамкомитеттин ишинин дагы бир маанилүү багыты – бул климат, ал ведомствонун атында бекеринен көрсөтүлгөн эмес. Бийик тоолуу өлкө катары Кыргызстан глобалдык жылуулуктун кесепеттерин башка мамлекеттерге караганда эртерээк жана катураак сезип жатат. Ошондуктан республика климаттын өзгөрүүсүн жумшартуу жана ага көнүү боюнча чараларды иш жузунө ашыруу боюнча эл аралык коомчулук менен тыгызыраак кызматташат.
Башталган реформаларды логикалык аягына чейин жеткирүү үчүн Динара Кутманованын билими да, тажрыйбасы да жана эрки да жетиштүү. Бүгүн аны пикирлештер тобу гана колдобостон, өлкөнүн жогорку жетекчилиги да колдоп жатат.



