Коом
Кыргызстан-Катар беттешине даярдык кызуу жүрүп жатат

Бүгүн, 25-мартта өтө турчу футбол боюнча Кыргызстан-Катар беттешине даярдыктар кызуу журүүдө. Беттеш бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Сизди атайын шоу-программа, жан эргиткен музыка, оюн-зооктор жана жагымдуу атмосфера күтөт. Ошондой эле бардык күйөрмандар үчүн бекер ооз ачуу уюштурулат.



