Коом
ӨКМ Актау шаарына жакын жерде кулаган учакта Кыргызстандын 3 жараны бар экенин тастыктады

Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан жүргүнчү ташыган учак аэропортко 3 чакырым жетпей кырсыкка учураган.
Азербайжан ӨКМи учакта 67 адам болгонун билдирди. Анын ичинде бешөө экипаж мүчөсү. 67 кишинин ичинен 37си Азербайжандын, 16сы Россиянын, алтоо Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жарандары экени айтылды. Жалпы 28 адам ооруканага жеткирилген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тактоо иштерин жүргүзүүдө.



