Милиция: «Ыдырыс Исаков ТикТокто жарыяланган видео боюнча сурак берди»

Журналист Ыдырыс Исаков социалдык тармактагы баракчасына милицияга сурак берип чыкканын жазган. Ош ШИИБ берген маалыматка караганда, Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына күбө катары чакыртылган.
Өткөн жумада ТикТокто социалдык түйүнүндө Альберт деген аталыштагы аккаунт аркылуу «Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген башкы теманын алкагында кыскача видеоролик жарыяланып, анда Ыдырыс Исаковдун видео кайрылуусу дагы болгон. Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ош ШИИБнын тергөө кызматына Ыдырыс Исаков 5-февраль күнү күбө катары чакырылып, кайрылуу качан жасалгандыгы, кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгы суралган.
Ыдырыс Исаков видео жүктөгөн Альберт деген атуулду тааныбай тургандыгын, бул видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан монтаждалып, белгисиз адамдар тарабынан жасалгандыгы жана кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгын билбегендигин билдирди. Күбө катары суралган Ыдырыс Исаков бир саатка жетпеген убактытта Ош ШИИБнын тергөө кызматында болду.



