Кара-Суу районунда унааны айдап качкан жаран кармалды

2023-жылдын 14-январь күнү Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн кыматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында унаа каражатын айдап качкан 30 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну Т.уулу И., аттуу жаран шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдирди.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 211-берененин (Автомототранспорт каражаттарынын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 13-январында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун Савай айылынын тургуну 1997-жылы туулган А. уулу Б., аттуу жаран “Хундай аванте 3” үлгүсүндөгү унаасын Кара-Суу шаарынын “Тураталы” базарынын жанында жайгашкан “Гүлдан” дүкөнүнүн алдынан токтоп турган жеринен, бейтааныш жаран айдап кеткедигин билдирген.
Тергөөнүн жүрүшүндө унаа ээси Кара-Суу шаарындагы Туратали базарынын жанында такси кылып жатып, акчаны майдалатуу үчүн унааны өчүрбөстөн дүкөнгө кирип кеткен учурда жоготуп алгандыгын билдирген.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген.Шектүүнүн айтуусу боюнча спирттик ичимдик ичип мас абалда жылынуу үчүн отурганын автоунааны кайда адап кеткендигин билбей тургандыгын билдирген. Бирок жабырлануучунун айтымында кылмышка шектүү автоунаа ээсин үйүнө жеткирип коюсун суранып белгиленген жерге жеткенде 500 сомду майдала деп айдоочуга берген. Айдоочунун жанында майда акчасы жок жакын жердеги дүкөндөргө акча майдалатканы кеткенде кылмышка шектүү жабырлануучунун автоунаасын айдай качкандыгын билдирген. Кылмышка шектүү мурда тоноо менен соттолгон.Учурда тергөө иштери уланууда.




