Саясат

Ахунбай Кошоев: “Ширшов Бакиевдер менен бирге энергетика тармагынын тамтыгын кетирип, талап-тоноп турган”

Кечээ Алексей Ширшов УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу коомдук ишмер, юрист Ахунбай Кошоевдин пикирин уктук.

“Алексей Ширшов жапайы коррупциянын мезгилинде энергетика системасын тоногондордун башында турган. Бакиевдер менен бир канча ортомчу компанияларды түзүп, Токтогул ГЭСинен электр энергиясын болбогон тыйынга сатып алып (жети тыйынга деп жүрүшөт), кайра элге, өндүрүшкө ошол ортомчу компаниялар аркылуу кымбат сатып, элдин канын сорушкан. Алардын салык төлөгөн төлөбөгөнү да белгисиз. “Мертвые души” деп, атайлап баланча кишилер төлөй албай калды деп акты жазып, эсептен чыгарып, энергетиканын тамтыгын кетирип, талап-тоноп турушкан. Анын далили катары Ширшовдун жеке учагынын, яхтасынын болгонун айтсак болот. Учагын аэропорттон конфискация кылышыптыр. Максим Бакиев менен криминалды өздөрүнө кошуп алып, “преступный синдикат” болуп алган. Башкача айтканда, алар менен кошо айрым депутаттар, кылмыш чөйрөсү биригип алып, энергетика тармагын саап турушкан. Бакиевдин убагында электр энергиясы менен уюлдук телефондордун баасынын чукул эле жогорулап кетиши да ушундан болгон. Ошол коррупциялык схемалардын баарын түзгөн ушул Ширшов болгон. Аны элдин баары билет, мамлекет да билет, укук коргоо органдары да билет. Болбосо жеке учакты, яхтаны кайдан алат эле? 

Эки ай мурда Ширшовду “Дастан” заводуна кирип-чыгып жүрөт деп уккам. Кылмыш чөйрөсүндө бир жерден кылмыш кылган адам эч ким издебесе  ошол кылмыш кылган жерине же чоң жеген жерине акыры бир күнү кайтып келет. Мен муну юрист катары жакшы билем. Ширшов дагы ошентти. Себеби учурунда бийлик аны тескемек түгүл Бакиевдер баш болуп колдоп турган. Эми болсо кайрадан келип, “Дастан” заводуна кирип, завод чыгарган  торпедаларды башка өлкөлөргө сатуу аракетин баштаган кезде минтип колго түшүп отурат.

Эми бул иш дагы көпкө тергелет. Негизи бизде коррупция отуз жылдан бери гүлдөп келдиби, демек, жок дегенде дагы отуз жыл тергелет. Отуз жылда дагы келтирилген чыгымдын орду толбосо айрым кылмыш иштери жабылбайт, териштириле берет, биринин артынан бири чубалып кете берет. Мисалы, ушунчалык талап-тартиби күчтүү, коммунисттик партия көзөмөлдөп турган Кытай менчиктештирүү, коррупция жолу менен байыгандарды 7-9 жыл тергеп, анан мамлекетке 3,5 трлн. доллар кайтарып алган. Биздин азыркы бийликтин  болсо келгенине бир эле жыл болду. Ушул бир жылда эле бир топ коррупционерлерди кустурду. Эми болсо минтип качып кеткендерди да камай баштады. Демек, бул күрөш дагы узак убакытка чейин уланат.

Азыркы бийликтин коррупция менен күрөштөгү эң чоң олжосу Кумтөрдү мамлекетке кайтарып алганы болду. Аны дүйнөлүк акулалардын оозунан тартып алуу оңойго турган жок. Канадалыктарга кошулуп биздин мурунку президенттердин баардыгы мамлекеттик, эл аралык деңгээлдеги алдамчылык схемалар менен Кыргызстанды талап-тоноп, уй саагандай  саап отурушкан. Ошондуктан ал жакты эч кимисинин ачкысы келген эмес. Садыр Жапаров болсо өзү ошол Кумтөрдүн аркасынан эмнени кана көргөн жок. Тээ илгери эле парламентте сүйлөгөн сөздөрүн карасаңар, башымды кессеңер кесишиңер мүмкүн, бирок тилимди кесип сала албайсыңар, кайсы бетиңер менен ушуга кол коюп берип жатасыңар деп чырылдап жатат.

Садыр Жапаров Акаевдей же Бакиевдей митаам, жеп-ичкич эмес. Кетирип жаткан кемчилиги да болушу мүмкүн. Ошону акырын, кыйкырбай эле, ушул жери түшүнүксүз болуп жатат, ушуга кандай жооп бересиз деп эле сурап алыш керек. Ошондо мамлекет укуктуу мамлекет болот. Албетте, айрымдар огу жок кошомат кылып жатышат. Бирок чынында Садыр Жапаров  кыргызга күйгөн президент болду. “Эл тараза” дейт, Кумтөрдү мамлекетке кайтарып, коррупционерлерди Ширшовуна чейин кармап келип жатса кантип ал чындыкты тана алабыз. Бул Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин  кызматка келгенине бир эле жыл болду. Мен деген Кытай жети жарым жыл, он жыл күрөшүп анан ийгиликке жеткен. 

Садыр Жапаров азыр этият болушу керек. Өзү кылмыш кылбаган киши эч качан бирөөнү кылмышкер деп эсептебейт. Орустарда “каждый судит по своей мере испорченности или каждый по своей мере справедливости” деген сөз бар. Калыс киши ар дайым калыс ойлойт, калыс эмес киши эч качан бирөөгө ишенбейт. Ошондуктан өзүнө команда топтоп жатканда айланасындагылардан сак болушу керек. Элге бир жаман атты болгондорду командасына кошпой эле койгону оң, — деди Ахунбай мырза.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button