Коом

Юань которобуз деген шылтоо менен 3,6 миллион сом алдап кеткен жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтыгандай, 2025-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарынын бир соода борборунда «Бахтиер Ходжи» деп өзүн тааныштырган киши, И.М. аттуу жаран менен WhatsApp аркылуу байланышып, Кытайга 300 000 кытай юань акчасын электрондук эсепке которууну сунуштап, ал эми 3 660 000 сомду анын таанышы «Саладин» аттуу адам алып барарын айткан.

Ошол эле күнү көп өтпөй өзүн «Саладин» деп тааныштырган адам келип, Бахтиер Ходжи жибергенин айтып, акчалар жанында экенин билдирип, алдамчылык жол менен И.М. аттуу жарандан электрондук эсепке 300 000 кытай юанын котортуп, изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 1968-жылы К.С. атту жаран кармалып, жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камалды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.
Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button