Окуялар
Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 4 адам жабыркап, бир киши каза болду

Кечээ, 20-августта Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда саат 20:39 чамасында Жаңы-Жол айыл аймагынын Арал тилкесинда Бишкек-Ош унаа жолунун 275-чакырымында эки унаа сүзүшүп, 4 адам жабыркап, 1 адам көз жумган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, жол кырсыгы “Volkswagen Passat” жана “BMW” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен унаалардан өрт чыгып, өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Жол кырсыгынын улам 4 адам жабыркап, 1967-жылы туулган 1 эркек киши ооруканада каза болгон.



