Коом
Бишкекте 14 автобустун каттамы үч күнгө өзгөрөт

19-сентябрынан 22-сентябрына чейин Лев Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилиши үч күнгө убактылуу жабылганына байланыштуу Бишкек шаарындагы бир нече автобустук каттамдардын каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдирди.
Мэриядан билдиришкендей, No23, 103, 107, 222, 227, 7Т, 8Т, 135, 132, 133, 134, 161, 204, 295-автобустар башка көчөлөр менен убактылуу жүрөт.
Мэрия бул убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды жана сапарларыңызды алдын ала пландаштырып коюуну өтүнөт.



