Окуялар
Кулиев көчөсүндө аялдын жансыз денеси табылды. Милиция жакындарын издейт

9-сентябрда болжол менен саат 20:00 чамасында Бишкектеги Кулиев көчөсүндө 40-45 жаштар чамасындагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кара жана кыска. Орто дене түзүлүштө. Сол бетинде калы бар.
Жансыз дене табылган учурда кара куртка, кара-көк толстовка, кызгылт түстөгү футболка, кара шым, боз байпак, кара бут кийими менен болгон. Ошондой эле аялдын аты болжолдуу Жылдыз экени такталган.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды тааныган болсо, же жакындарын билсе милиция 0705 450 553, 0551 088 330, 0553 102 465, 0312 352 605номурларына кабарлап коюну суранды.


