Коом

Тоң районунун Жер-Үй айылында жаңы мектептин курулушу башталды

Тоң районунун Жер-Үй айылындагы А.Көлбаев атындагы 150 орундуу мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынып, курулушу башталды. Бул тууралуу президентенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, саамалыкка Тоң районунун жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектептин жамааты жана айыл тургундары катышты.

Азыркы учурда эскилиги жеткен мектепте 153 окуучу билим алууда. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 113 млн сомго бааланган.

Аталган билим берүү мекемесинин имараты 1980-жылдары ашар жолу менен курулган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button