Коом

Дем алыш күндөрү Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 27-28-январь күндөрү кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Жарманке Киев – Раззаков – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчүлөр төмөнкү байланыш номери аркылуу кайрылса болот: 0555 34 60 60.

Жарманкенин максаты — атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button