Коом

ЖКККББ кооптуу жүк ташыган унааларды текшерүүдө

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кооптуу жүк ташыган унааларды текшерүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, текшерүү кооптуу жүк ташуучу унаалардын катышуусунда болуучу жол кырсыктарынын алдын алуу максатында жүргүзүүдө.

Текшерүү учурунда унаалардын техникалык абалы, коопсуздук жабдыктарынын бар-жогу, жол кыймылынын жана кооптуу жүк ташуу эрежелеринин сакталышына көңүл бурулууда.

Ошондой эле айдоочуларга нускамалар өткөрүлүп, эреже бузуулар аныкталган учурда тиешелүү протоколдор түзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button