Саясат

Премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кетип, ордуна Садыр Жапаров дайындалды

Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйында премьер-министр кылып Садыр Жапаровду шайлады.

Жаңы эле парламентке төрага болгон Мыктыбек Абдылдаев Жапаров сот тарабынан акталганын билдирип, аны кызматка отурушу менен куттуктады.

Жыйынга келген 62 депутат Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп беришти. 

Эске салсак, бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Достук” мейманканасына чогулуп, кезексиз сессиясын башташты. Анда жаңы шайланган төрага Мыктыбек Абдылдаев Кубатбек Боронов премьерликтен кетүү боюнча жазган арызын көрсөттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button