УКМК: Ош ШИИБдин тергөөчүсү 500 доллар пара алып жаткан учурда кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ош ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Р.у.Н.ны 500 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармады. Кармалган милиция кызматкери кылмыш ишин токтотуу боюнча процессуалдык чечим чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн пара талап кылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде Ош ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Р.у.Н.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, андан соң КР Жазык-процесстик кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.





