Коом
Чүйдө өспүрүмдү ат сүйрөп, ал реанимацияда көз жумду

Каргаша 1-январда Ысык-Атада болгон. 11-класстын окуучусу талаага мал жайганы барып кырсыктаган, тагыраагы, аттан жыгылганда ат сүйрөп кеткен.
Окуяга күбө болгон киши үрккөн жылкыны токтотуп, Тез жардам чакырган. Өспүрүм жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Милиция тергөөгө чейинки ишти жүргүзүүдө.



