Коом
ТЭЦте жабыркаган эки адам Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат

Бүгүн Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу «Голджук» ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келген.
Бейтаптардын абалы оор бойдон калууда, бирок алар эс-учунда, суроолорго жооп берүүдө. Дарыгерлер аларды дарылоо узак убакытка созуларын айтышкан. Ал эми үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу.
Буга чейин президент Садыр Жапаров чет элдик адистер менен консультацияларды уюштуруу тапшырмасын берген.



