Коом

“Аль-Умма” кайрымдуулук фонду Курман айтка карата белгилүү ырчы Бараа Масуддун катышуусунда майрамдык азем өткөрөт

2026-жылдын 28-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтында мусулмандардын эң улуу майрамдарынын бири болгон Курман айтка арналган ири майрамдык иш-чара өтөт. 

Иш-чараны Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен «Аль-Умма» кайрымдуулук фонду уюштурууда.

Майрамдык иш-чара коммерциялык максатты көздөбөйт жана социалдык-маданий багытта өткөрүлөт. Анын негизги максаты- шаар тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулоо, коомдогу биримдикти, өз ара урматтоону жана ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

Бул иш-чара ар улуттагы, ар түрдүү маданияттагы адамдарды бириктирген аянтчага айланат. Мындай демилгелер коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана жайылтууга өбөлгө түзөт.

Майрамдын өзгөчө коногу- эл аралык деңгээлде таанылган нашид аткаруучу Бараа Масуд болмокчу. Дүйнөлүк чыгармачылык сапарынын алкагында ал «Аль-Умма» фондунун чакыруусу менен Кыргызстанга алгачкы жолу келип, кыргызстандыктар үчүн кайрымдуулук концертин тартуулайт.

Белгилей кетсек, «Аль-Умма» фонду көп жылдан бери Кыргызстанда ири социалдык, маданий жана кайрымдуулук долбоорлорун уюштуруп келет. Фонддун чакыруусу менен буга чейин Кыргызстанга дүйнөгө белгилүү түрк ашпозчусу CZN Burak, түштүк кореялык блогер жана инфлюэнсер Дауд Ким, атактуу египеттик нашид аткаруучу Мохаммад Юсуф жана башка белгилүү коноктор келген.

Майрамдык программанын алкагында:

* расмий куттуктоо сөздөрү;

* Кыргызстандын акындарынын жана чыгармачыл жамааттарынын өнөр көрсөтүүлөрү;

* Бараа Масуддун кайрымдуулук концерти;

* балдар жана чоңдор үчүн сынактар, оюндар жана спорттук мелдештер;

* акысыз мастер-класстар;

* дегустациялык аянтчалар;

* Кыргыз Республикасынын Эл Ассамблеясынын маданият фестивалы;

* үй-бүлөлөр жана балдар үчүн атайын аянтчалар уюштурулат.

Ош шаары, Борбордук аянт

28-май, майрамдык программа саат 18:00дө башталат.

Кирүү бардык каалоочулар үчүн акысыз.

Тектеш кабарлар

Back to top button