Коом

Нарын дарыясына секирип кеткен кыз изделип жатат

Нарын дарыясына секирип кеткен кыз изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 3-ноябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 10 куткаруучу, Нарын шаардык №16 ӨКБдан 32 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 77 адам тартылган.

«Кечээ, 2-ноябрь күнү Нарын шаарындагы Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына жаш кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМден 35 куткаруучу, ИИМден 48 кызматкер жалпы 87 адам издөө иштерин саат 21:55ке чейин жүргүзгөн»,— деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button